www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында маркум журналист Улан Эгизбаевдин Бишкектин четиндеги көр сатуу боюнча иликтөөсүнө токтолду.
Депутат окуя боюнча журналистке интервью берген жарандарды Бишкектин Ленин райондук сотунун судьялары күнөөлүү деп таап, 20миң сом айып
пулга жыкканын айтты. Ал коррупциялык иштерди айтып чыккандарды, тескерисинче, элге үлгү кылып көрсөтүшү керек эле дейт.
«Азыр Бишкектин четинде көр сатылбайт десең, бир дагы кыргыз ишенбейт. Жадагалса, өкмөттө, министрликте иштегендердин жакындары каза болгондо өздөрү барып, көр сатып алып жатпайбы. Ал эми Ленин райондук сотунун судьялары көр сатылып жатат деп Эгизбаевге интервью бергендерди күнөөлүү деп таап, айып пулга жыгып коюптур. Бишкекте көр сатылбайт, силер калп айткансыңар деп журналисттин күбөлөрүнө 20 миң сом айып салды. Азыр көр сатылбайт десең эч ким ишенбейт", - деп ачууланды Акаев.
Чын-чынына келгенде ар бирибиз кез келчү көйгөй болуп турат. Мэриянын бул иш чараны тыюуда аракети эч бир байкала элек. Соттук-укуктук реформа жана коррупция менен күрөшүү мамлекеттин башкы багыты деп президенттин айтканы тиешелүү мамлекеттик кызматтарга жетпей, тескеринче, коррупция гүлдөп жатканын кантип жашырабыз.
Мындан тышкары жыйында эл өкүлү каржы полициянын жетекчиси Таировдун жосунсуз жоруктарына токтолуп, таза жана чынчыл кызматкерлерди жумуштан айдагандыгын тыкыр текшерүүгө алуу керектигин билдирди. Кеткен жумушчулардын ордун туугандары менен толтуруп жаткан Таировдун тизгинин тартуу кези келди өңдөнөт. Бакир Таировдун ишмердиги боюнча бүгүнкү күнгө чейин нааразычылыктан башка кеп угула элек.
Булак: Де-Факто