www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн биз кеп кыла турган 10 бала эртеңки күндө дүйнөнү башкара турган ханзаада жана хан бийкелер. Алар кимдер? Учурда эмне менен алек болушууда макаладан кабар боло аласыздар!

1.Ханзаада Жордж, Улуу Британия

Жордж- кезекте үчүнчү турган британиялык ханзаада. Ал чоң атасы жана атасынан кийинки эле ханзаада болууга укуктуу наристе. Жаш наристе экенине карабай мода жумалыктарына активдүү катышып, өзүн модель катары көрсөтүп келет.

2. Шарлотта ханбийке, Улуу Британия

Улуу байкесинен кийин эле дароо таажыны кие турган ханбийке Шарлотта. Ханбийке эки жашта болсо да, модага кызыгуусу абдан күч. Анын ысымыан косметикалык бренд да бар.

3. Эстель ханбийке, Швеция

Апасынан кийин экинчи кезекте турган ханбийке. Эстель убактылуу башкаруунун иши. 1980-жылы Швециянын конституциянын өзгөртүлгөнүнө байланыштуу башкаруу жыныска байланыштуу болуп калган.

4. Жак жана Габриелла ханбийкелери, Монако

Эгиз кыздар кичине бирок, абдан бай өлкөнүн жалгыз гана мураскорлору. Эгиз кыздардын сүрөттөү ар дайым социалдык тармактарга жаңыланып чыгып турат. Ал эми даталуу майрамдарда алардын сүрөттөрү менен куттуктоо жазылган кагаздар чыгарылып турат.

5. Леонор жана София ханбийкелери, Испания

Бир тууган ханбийкелердин ортосунда чон жаш айырмачылык жок. Мына ошондуктан алар эгиз кыздардай окшош кийинүүнү жактырышат. Испаниянын болочоктогу түздөн-түз мураскорлору.

6. Катарина-Амалия ханбийке, Нидерландия

Бул ханбийке атасынан кийин эле таажыга ээ боло турган кыз. Ал чет тилдерин сүй окуп, тоо лыжасын жакшы көрүп тебет. Башка олкөнүн ханбийкелери менен тез-тезден байланышып, достошуп турган жайы да бар.

7. Элизабет ханбийке, Бельгия

Элизабет биринчи эгемен ханбийке болот. Ал эл алдына эң алгачкы 2006-жылы чыгып сүйлөгөн. Анын ысымы бельгиялык арктикалык станцияны алып жүрөт.

8. Амалия ханбийке, Люксембург

Амалия үчүнчү кезекте турган ханбийке.Эки жашка чыкканына карабай ал жакын туугандары менен таанышканга жетишкен. Амалия бардык ханбийкелер сыяктуу эле жолугушууларга аппак көйнөк кийип барат, ал эми калгандары кара кийим менен барышат.

9. Ингрид Александра ханбийке, Норвегия

Ингрид- атасынан кийин эле таажыны кие турган ханбийке. Учурда англис мектебинде билим алып, бир катар маанилүү иш чараларда расмий жүз катары катышып турат.

10. Кристиан ханзаада, Дания

Кристиан- атасынан кийин эле таажыга ээ боло турган биринчи ханзаада. Ал эски салт боюнча улуттук майрамдарга калтырбай катышып турат. Кристиан 2006-жылдан бери Таиланддын ханзаадасы белек кылган зоопаркка ээли кылат.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости