www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочуларга пандемия учурунда иштеген профессионалдуулугу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жумуш учурунда коронавирус инфекциясын жуктурган милиция кызматкерлерине ыраазычылык каттарды Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко жазган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерине комитеттин атынан каттар жөнөтүлдү.

Алардын кайрылуусунда укук коргоо органдарына пандемия менен байланышкан кризис учурунда иштегендиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирилген.

«Сиздердин ата-энелериңиз жана туугандарыңыз башкалардын артына жашынбай, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтаган, биздин шаарлар менен кыштактардын көчөлөрүндө тартипти, жарандардын ден-соолугун жана бейпилдигин камсыз кылган татыктуу уул-күйөөлөр менен сыймыктана аларына ишенем.

Комитеттин атынан, кызматыңызыраазычылык билдирем!

Чын жүрөктөн Сиздерге бекем ден-соолук, Сиздердин жакындарыңызга жана туугандарыңызга бейкутчулукту жана бакыт каалайм ”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Саламатттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери илдетти жуктуруп алгандыгын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости