www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети суу ташкынына жана жер көчкүгө алып келди. Жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 72ге жеткенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордон сырткары 13 адам дайынсыз болууда. Мындан тышкары кырсыктан 14 миң турак жай жабыр тарткан. Өзгөчө Кумамото префектурасы жапа чеккен.

Учурда жеринде куткаруу-издөө иштери уланууда. Ага 20 миң аскер кызматкери тартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Япониянын түштүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети суу ташкынына алып келгендиги маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости