www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармалгандарга таандык делген курал-жарак жана таңгакталган акча Темирлан Султанбековдун үйүнөн чыккан эмес деген маалыматты анын апасы Кыял Токторбаева Фейсбук баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал кармалгандар бири-бирин тааныбай турганын белгилеген.

Токторбаева Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт, маалыматтар чындыкка дал келбесин айткан. Ал муну шайлоо алдындагы чагым жана манипуляция катары баалады.

«Ички иштер министрлиги тараткан сүрөттөрдөгү курал-жарак жана таңгак акча биздин үйдөн чыккан эмес. Кайдан алышканын билбейм. Бул өздөрү айткандай, шайлоонун шайтан оюндары. Ошентип түшүнгүлө. Биз милициянын астында отурдук. Толтура кишилерди машине менен жеткирип жатышты. Кармалгандар арасында саясатчылар да бар экен. Балким Темирлан бир-экөөнү тааныйт чыгаар. Бирок булар бири-бири менен байланышта болгон эмес. ИИМдин шайлоонун алдында бул кылганы туура эмес. Былтыр шайлоого үч күн калганда Социал-демократтарды, Темирланды шайлоодон четтетишкен. Алар тараткан эки сааттык видео экен, баарын толук чыгарышсын. Манипуляцияны токтотушсун», — деди Токторбаева.

Последние новости