www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Бишкек -«Манас» эл аралык аэропортуна кеткен трассанын (Васильевский тракт) боюндагы инфраструктуралык объекттердин курулушу учурунда жолдун санитардык абалынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө курулуш иштерине тартылган техника тарабынан тарабынан топуракты жолдун ортосуна чыгарып койгон фактылары аныкталды.

«МЭНС» ЖЧКсы компаниясынын курулуш аянтчасында дөңгөлөк жуучу пункт өз багыты боюнча колдонулган эмес. Буга чейин берилген көрктөндүрүү эрежелерин сактоо тууралуу талап белгиленген мөөнөттө аткарылган жок. Ушуга байланыштуу компанияга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Мындан тышкары, жолдун булганышын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында участокту бетон менен каптоо боюнча кайрадан талап коюлду.

«Манас Моторс» ЖЧК компаниясынын объектисинде дөңгөлөк жуучу пункт таптакыр жок. Компанияга үч күндүн ичинде эстакада жана трансбой орнотуу тууралуу талап коюлду. Талап аткарылбаган учурда, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Муниципалдык инспекция бардык курулуш компаниялары курулуш аянтчаларынан чыккан жерлердин жана ага чектеш аймактардын тазалыгын туруктуу негизде камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертет.