www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-февралында БУУнун Улуттар сарайында, Женева шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) Башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө маектештер эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашып, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргыз Республикасынын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана транзиттик потенциалын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар байланыштарды үзгүлтүксүз сактоонун маанилүүлүгүн белгилешип, алдыдагы көп тараптуу иш-чаралардын алкагында, анын ичинде Кыргызстандын тоолуу демилгелерин глобалдык деңгээлде илгерилетүүдө ЮНКТАД тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалашты.

Последние новости