www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 7-сентябрда Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына Түндүк Американын картасы түшүрүлгөн сүрөт жарыялады. Анда ондогон мамлекеттердин аймактары АКШнын желегинин түстөрү менен боёлгон.

Сүрөттө АКШ гана эмес, ошондой эле Канада, Мексика, Гренландия, Борбордук Америка өлкөлөрү жана Кариб деңизинин бассейниндеги мамлекеттер да камтылган. Трамп АКШнын курамына Исландияны да шарттуу түрдө «киргизгендей» көрсөтүлгөн.

Бул өлкөлөрдүн аймактары мамлекеттик чек аралар жана улуттук түстөр менен бөлүнбөстөн, АКШнын желегинин көрүнүшүндө бирдиктүү мейкиндик катары чагылдырылган.

Картада бир географиялык аталыш да өзгөртүлгөн: Мексика булуңу «Америка булуңу» деп белгиленген. Ал эми Тынч океан, Атлантика океаны жана Кариб деңизи мурдагы аталыштары менен калтырылган.

Трамп сүрөткө байланыштуу эч кандай түшүндүрмө же комментарий берген эмес.

Последние новости