www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн жылы үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Үч эм наристенин ата-энеси ижарага батир жалдап жашап жатышканын айтышып, материалдык абалы оор болгондуктан турак жай маселесин чечүү боюнча жардам сурап кайрылган.



Үч бала бир эле учурда төрөлгөндүгүн жана өлкөдөгү демографиялык абалды колдоо зарылдыгын эске алуу менен Камчыбек Ташиев жаш үй-бүлөгө борбор шаардагы борбордук райондордун биринен эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, жубайларга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.
Жаш ата-энелер УКМК төрагасына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
Булак: NazarNews