www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларда социалдык тармактарда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон тирүү эмес деген маалыматтар тарап, ар кандай талкуулар жаралган.

Бир катар маалымат каражаттары Эмомали Рахмондун каза болгону тууралуу кабарларды жарыялашкан. Айрым булактар мамлекет башчысынын саламаттыгы акыркы мезгилде кескин начарлап кеткенин билдиришкен.

Ошондой эле кээ бир маалыматтарда мамлекеттик мекемелерде чукул жыйындар өткөрүлүп, жетекчилик кызматтарда өзгөрүүлөр болуп жатканы айтылган.

Бүгүн, 25-февралда Эмомали Рахмондун жыйынга катышып олтурган сүрөттөрү жарыяланды.

Ал, бүгүн Тажикстан Республикасынын Президенти, Эмомали Рахмон Адилет министрлигине, Маданият министрлигине, Прокуратура органдарына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине, Эсеп палатасына жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу башка органдарга жетекчилик кызматтарга дайындалган кадрлар менен жолугушту.

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен тажрыйбалуу жана кесипкөй адистердин ичинен Адилет министринин биринчи орун басары, Маданият министринин орун басары, Өкмөттүн алдындагы Өнөр жай жана тоо-кен тармагындагы иштердин коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөө кызматынын башчысы, ошондой эле Президенттин алдындагы Жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары дайындалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы санариптештирүү процессин ылдамдатуу жана накталай эмес төлөмдөргө өтүү, жогорку улуттук маданиятты жайылтуу, ырым-жырымдарга каршы күрөшүү, кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга жана баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү, сот адилеттигин жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, эл менен сылык жана адилет мамиле түзүү боюнча так милдеттерди койду.

Ар бир жетекчи жана жалпы эле бардык мамлекеттик кызматкерлер мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактап, тармактык жобо-эрежелерди так аткарып, жогорку адеп-ахлак, мекенчилдик сезим жана улуттук аң-сезим менен коомго үлгү болушу керектиги баса белгиленген.

Последние новости