www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, К.О. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө биргелешкен иш ачуу шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу жалпы суммасы 4 миллион 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. 

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган К.О. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка киргизилди.

Көңүл буруңуздар! Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(502) 12-05-70, ‪0(555) 52-50-01‬ же 102.

 

Последние новости