www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 18-февралында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын ишин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр №1 насостук станцияны көрүп чыкты, анда жылуулук менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган оңдоо жана техникалык иштердин жыйынтыктары көрсөтүлдү. Ошондой эле мэрге 1985-жылдан бери иштеп келе жаткан, эскилиги жеткен жылуулук тармактарынын түтүктөрү көрсөтүлдү.

Ишкананын маалыматы боюнча, учурдагы күз-кыш мезгилинде 63 авариялык кырдаал катталган. Салыштырмалуу, 2024-2025-жылдары 73, ал эми 2023-2024-жылдары 87 авариялык кырдаал болгон.

«Көптөгөн түтүктөр жаңылоону талап кылат, биз аларды этап-этабы менен алмаштырып жатабыз. Баарын дароо жаңыртууга мүмкүн эмес,  иштер пландуу түрдө жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин жүргүзүү менен катар эң эскилиги жеткен тилкелерди алмаштыруудабыз. Шаар тургундарынан жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деп белгиледи А. Дж. Джунушалиев.

Мэр ошондой эле ишкананын капиталдык оңдоодон кийинки жаңыртылган диспетчердик борборун жана шаардын жылуулук тармагынын маалыматтарын чагылдырган "ZULU GIS" маалымат системасынын иштешин көрүп чыкты. Заманбап мониторинг жана ыкчам башкаруу каражаттары менен жабдылган диспетчердик борбор жылуулук тармактарынын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, күтүүсүз кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана GPS-трекерлер аркылуу атайын техниканын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Жыйынтыгында  мэр Айбек Джунушалиев ишкананын ишин жогору баалап, абоненттик базаны  көбөйтүү жана 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо милдетин койду.

Последние новости