www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдук камсыздоо жана миграция министрлиги «кайрылман» макамын алуу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Министрлик өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык так жүргүзөт. «Кайрылман» макамы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга мүмкүнчүлүк берүү максатында иштелип чыгып, киргизилген.

«Кайрылман» макамы атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Анын курамына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдук камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет.

«Кайрылман» макамын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим министрликке кайрылган күндөн тартып эки айдын ичинде кабыл алынат.

2025-жылы «кайрылман» макамын алган этникалык кыргыздардын саны 935 адамды түздү.

Отчеттук мезгилде төмөнкү мамлекеттерден келген этникалык кыргыздар «кайрылман» макамын алышкан:

• Өзбекстан Республикасы — 66 адам;

• Тажикстан Республикасы — 837 адам;

• Кытай Эл Республикасы — 12 адам;

• Россия Федерациясы — 9 адам;

• Афганистан — 10 адам;

• башка өлкөлөр — 1 адам.

2026-жылдын январь айында 132 адам «кайрылман» макамын алышты.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрылмандарга Кыргыз Республикасынын жарандарына дээрлик теңештирилген социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер берилет. «Кайрылман» макамына ээ болгон адамдар социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды, медициналык-санитардык жардамды, билим алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орношуу укугуна ээ.

Мамлекеттик кепилдиктерге ылайык:

13 адам социалдык жөлөкпул алат;

19 адам пенсия алат;

5 адам жер тилкесине ээ болгон;

263 адам медициналык кызматтарды алган;

373 адам орто жалпы билим берүүчү мектептерде окуйт;

63 адам жогорку окуу жайларында билим алууда;

30 адам ишке орношуу боюнча кайрылган, алардын ичинен 11и ишке орноштурулган.

«Кайрылман» күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул мезгил ичинде макам ээлери Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

Министрлик белгилегендей, аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү тарабынан басмырлоо же талапка ылайык эмес мамиле жасоо фактылары орун алган учурда, жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасына 1966 номери аркылуу кайрыла алышат. Чалуу бекер.

Последние новости