www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жаш баланын өлүмүнө себеп болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя мурдагы күнү болгон. Өспүрүм башкарган унаа жөө өткөөлдөн өтүп бараткан баланы сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Социалдык тармактарда айдоочу буга чейин Мирлан Таалайбеков (Царикаев) тарабынан кармалган өспүрүм экендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок Кайгуул кызматы бул маалыматты төгүндөдү.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары боюнча тергөө иштери уланууда.