www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп Урмат Асанбаев дайындалды.

Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов агенттиктин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. Ал өз сөзүндө өлкөдө дене тарбияны жана спортту мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Урмат Асанбаевдин жетекчилиги алдында агенттиктин ишмердүүлүгү жаңы деңгээлде өнүгөөрүнө ишеним билдирип, жаңы директорго ишинде ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Урмат Асанбаев өлкө жетекчилигинин көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, улуттук спортту өнүктүрүү, спорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоо багытында бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жаңы директор Урмат Асанбаевдин эмгек жолу:

• 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын Улуттук спорт түрлөрү кафедрасында окутуучу, машыктыруучу.

• 2009–2011-жж. — Сокулук шаарындагы «Аюу» спорт клубунда инструктор.

• 2013–2014-жж. — Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайында улуттук спорт түрлөрү боюнча окутуучу.

• 2013–2015-жж. — «Замандаш» спорт клубунда инструктор.

• 2018-жылдан бери — ADCC Кыргызстан грэпплинг федерациясынын вице-президенти.

• 2018–2019-жж. — Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жарандык коргонуу, техникалык коопсуздук жана коопсуздук кызматынын начальниги.

• 2019–2021-жж. — Улуттук спорт түрлөрү дирекциясынын директорунун орун басары.

• 2021-жылдан бери — Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу «Жаштык» дирекциясынын директору.

Сыйлыктары

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары.

• Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы.

• Дене тарбия жана спорттун отличниги, кулатуу күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу. 

• 2009-жылы жылдын мыкты спортчусу, 2013-жылы жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылган.

• Кулатуу күрөшү боюнча 6-наам кара курдун, ал эми таэквондо WTF боюнча күрөң курдун ээси.

• Кулатуу күрөшү боюнча улуттук категориядагы калыс, ошондой эле грэпплинг ADCC боюнча «В» категориясындагы эл аралык даражадагы калыс ж.б.

Последние новости