www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздүн социалдык фондун жетектеген Медер Ирсалиев аймактарда иштеген чабал жетекчилерине чара көрө албай келгени эмнеси? Дегенибиз, өкмөт башчынын жыйынында аймактык социалдык фонддун жетекчилери өз карамактарында канча пенсионерлери бар экенин билбуй туруп беришпедиби. Кудум биринчи класстын окуучусундай болуп моюнун кашып. Жетекчи катары талапты катуу коюп, иш алып бара албаган Ирсалиев бүгүнкүдөй жүрүшү менен өлкөгө кандай пайда алып келип атты экен?! Эми алдына келген ооматты (Абылгазиев алып берген) татыктуу тартып, арыдан-бери боло аркалап көрүнүшү керек эле да. Кол алдындагы кадрлары тигинтип, жөнөкөй арифметиканы билбей жатса, жогорку жетекчилигинен эмнени күтсө болот? Эгерде Медер Ирсалиев иш билги ишмер болгондо, кадрдык жүрүштөргө жан киргизип, жөнөкөй сандарды айтып бере албаган кол алдындагы кызматкерлерин кудум «сокур ичегини» кесип салгандай алып ыргытат эле да. Мындай жүрүш менен ишенген Медериңер деле шефи Мукан Абылгазиевди кыйлага уят кылып койчудан окшойт
Булак: "De-facto"