www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен райондук милициясы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын коопсуздук кызматы менен биргеликте мунай зат (нефть) уурулугунун бетин ачкандыгы бир жума мурда белгилүү болуп, коомчулукка анчейин «тааныш эмес» кылмыштын бул түрү талкуунун чордонуна айланып турган эле. Анын да жөнү бар. Анткени,  мунай зат уурулугу түгүл Кыргызстанда мунай зат өндүрүлөөрүн уга элек мекендештерибиз да арбын... 

Бирок бир жумадан кийин кылмыш иши тескери “оборот” алат деп эч ким ойлобосо керек. Тилекке каршы, ошондой болду! Эмне болду? Качан болду? Ага кимдер аралашты? Анда көңүл буруңуз ...

16-апрель күнү Ноокендин Бүргөндү айыл аймагындагы Кызыл-Кыя айылында жашаган Залкар Назаров аттуу адамдын үйүндө ок атуучу курал жана уурдалган мунай зат бар,- деген маалымат Ноокен РИИБине түшүп, ал кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, андан кийин ыкчам иш-чара жүрүп, үйгө тинтүү иштерин жүргөндө 7 тоннага жакын чийки мунай зат табылат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, табылган зат уурдалган нефть экени аныкталгандан кийин факты боюнча жазык иши козголот. Тергөөнүн жүрүшүндө З.Назаров жасаган кылмышын мойнуна алып, “Кыргызнефтегаздын” мунай зат өндүргөн алтынчы аймагындагы 82- мунай зат казуу түйүнүндө оператор болуп иштеген Алмаз Юлдашев уурулук иштерине көмөктөшүп жүргөндүгүн айтып берет.

Ал эми Алмаз Юлдашевдин көрсөтмөсү боюнча Момбеков айылындагы үйлөрдүн бирине Ноокен РИИБинин кызматкерлери тинтүү жүргүзгөндө, ал үйдөн 30 тоннага жакын уурдалган чийки мунай зат табылат. Милиция тарабынан уурулук кылмышына шектүү катары Кубанычбек Тургунбаев кармалат. Эң кызыгы, уурдалган мунай зат табылган үй – буга чейин Жалал-Абад областтык прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген, азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокурорунун орун басары кызматында турган Нурбек Тургунбаевдин жеке менчигинде катталып турган үй болуп чыгат. Ал эми кармалган К.Тургунбаев прокурор Н.Тургунбаевдин бир тууган агасы экендиги аныкталат.

Залкар Назаров менен Алмаз Юлдашев 24-апрель күнү шектүү катары 48 саатка кармалып, 26-апрелде Ноокен райондук соту алардын баш коргоо чарасын 2 айга камакта калтырат. Прокурор Нурбек Тургунбаевдин агасы Кубанычбек Тургунбаев жогоруда аталган үйдү тинтүү учуруна өзү катышып, “Кыргызнефтегаз” ишканасынын коопсуздук кызматынын өкүлү менен милиция кызматкерлерине ишти “тынчтык” жолу менен бүтүрүү сунушун келтирет. Бирок Тургунбаевдин “тынчтык планы” ишке ашпай калат...

Мына ушул жерден агасына ини-прокурор “жардамга” келген болуу керек. Анткени, “жылан чакпай, жылкы теппей” туруп эле шектүү Тургунбаевдин ден-соолугу “кескин” начарлап, ооруканага жаткырылат. Муну коомчулук биринчиден - тергөөдөн качуу амалы, экинчиден – прокуратура системасынын кийлигишүүсү,- деп божомолдойт.

Окуянын кызыгы Тургунбаевдин “ооруп” калганы менен эле бүтпөйт! Көпчүлүктүн арасында бул ишке Генпрокурор Ө.А.Жамшитовду аралаштырып жибергендер да бар. Себеби, Өткүрбек Жамшитов буга чейин Жалал-Абад областынын прокурору болуп туруп, Башкы прокурор болгондон кийин кол алдында иштеген “сүймөнчүк” тергөөчүсүн эң “майлуу” деп эсептелген Биринчи Май райондук прокуратурасына алып келген имиш...

Бизге жеткен маалыматтар боюнча З.Назаров менен А.Юлдашевдер алгач кармалган учурда эле Ноокен райондук прокуратурасынын Куттубек аттуу кызматкери райондук милиция кызматкерлерине  “ушуларды бошотуп коёсуңарбы” деп “куругун” көтөрө “ортомчулукка” түшүп келгенде эртеңки жоопкерчилигин сезген милиция кызматкерлери “аягына чыгабыз”- деп кесе жооп бериптир. Ачууланган “прокурор” андан кийин шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын караган райондук сотко да баягы “куржунун” көтөрө барып суранган экен, сот да мыйзам талаптарына таяп, сылык-сыпаа баш тартып, тигил экөөнү 2 айга камакка алуу токтомун токуп салыптыр.

Эми мынча болду Ноокен прокуратурасындагы Куттубектин да өздүгүнө токтоло кетели (болоору болду, баёосу канды демекчи, эртең баары бир ачыкталышы керек го). Куттубек деген КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Курманкул Зулушевдин бир тууган иниси болот экен. Куттубек Зулушев бүгүнкү күндө Ноокен районунун прокурорунун орун басары болуп турат. Ал эми аталган райондун прокурору Замирбек Артисбекович кадимки эле Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков Дастанбек Артисбековичтин карачечекей иниси экендигин кошумча айта кетели.

Кыскасы, кылмышка шектүү катары 2 айга камакка алынган З.Назаров менен А.Юлдашев “Кокуй, бизди милиция кыйноого алды, зомбулук көрсөттү” деп Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборго арызданышыптыр. Борбордун кызматкерлери эмне жыйынтыкка келгени белгисиз, бирок прокуратура кылмыш ишти тергөөнү Жалал-Абад ОИББине өткөрүп бериптир. 

Залкар Назаровдун үйүнөн уурдалган нефть табылып, ал күбөлөрдүн коштоосунда видеого, сүрөткө тартылып факты далилденсе, өзү жасаган ишин мойнуна алып жатса, Алмаз Юлдашев болсо кимдерге жардам берип жүргөнүн ачыктап көрсөтмө берсе, анысы далилденип жатса, милиция аларды ур-тепкиге алып, күнөөнү мойнуна илди,- дегенге ким ишенет? Мында да Ноокен прокуратурасы шектүүлөргө “адвокат” болуп жаткан жокпу!?.

Дагы бир бизге жеткен маалымат! Райондук сот кылмышка шектүүлөрдү 2 айга камакка алгандан 3 күн өтүп, тактап айтканда, 29-апрелде Жалал-Абад облустук соту З.Назаров менен А.Юлдашевдин баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарыптыр. Бул процесс кандайча жүргөнүн, кимдер катышканын так айта албайбыз. Бирок Ноокен райондук милициясынын шектүүлөрдү убактылуу кармоо жайында тигил экөө жок экендиги ачыкка чыкты. Кээ бир ооз эки маалыматтарга караганда Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Сүйүнбек Бекташовдун колу коюлган справканы (?) алып келишкендиктен  (шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу жөнүндө)  милиция аларды бошотууга мажбур болгон. Албетте, сот С.Бекташов эмнеге таянып справка жазып берди, “справка” сот актысына киреби-кирбейби, аны менен камактан бошотсо болобу-болбойбу, аны дагы териштирген орган бар чыгаар!? (Ноокен прокуратурасынан башка).

Ошентип, бүгүнкү күндө Ноокендин укук коргоо органдарында “жакшы эместей” абал өкүм сүрүп турат.  А эгер эртең З.Назаров менен А.Юлдашев Мамкаттоонун экс-чиновниги Насирбек Алмаматовдой болуп “жылт” коюп кетсе кимди күнөөлөйбүз? Негизи, кылмышкерлерди качырып жибергендерди күнөөлөгөндөн “толк” чыгып атабы!?

Батукаевди сот коё бергенде да прокуратура “адвокаттык” милдетти аткарган! Эсиңиздерде чыгаар!  Ноокен райондук милициясы, “Кыргызнефтегаз” ишканасы 4-5 айлап уурулардын артынан түшүп кармаса, аларды бир сот камап, экенчиси справка менен бошотсо...

Э-эхх, за Державу обидно!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости