www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ өкмөтү COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Ремдесивир" аттуу антивирустук дары коронавируска чалдыккан бейтаптардын тезирээк айыгышына өбөлгө түзөрү аны сыноо учурунда аныкталган. АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын комиссары Стивен Хан 1-майда "Ремдесивир" дарысы ооруканадагы бейтаптарга өтө зарыл болгон учурда пайдаланыларын билдирди.

Вируска каршы "Ремдесивир" дарысын америкалык "Гилеад" фармацевтикалык компаниясы алгач эбола вирусун дарылоо максатында иштеп чыккан.

Ошондой эле, дарыны сыноо жыйынтыгы жарыя кылынган 30-апрель күнү АКШнын президенти Дональд Трамп "Ремдесивирди" массалык түрдө колдонууга уруксат берүү маселеси караштырылып жатканын айткан.

Белгилей кетсек, кан тамырга сайыла турган бул дарыны көбөйтүү 4-майдан тартып башталары кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости