www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 16-марттагы отурумунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитовго УКМК тарабынан ачылган кылмыш ишин карап, биринчи инстанциядагы сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, саясатчы 500 миң сом айып пул төлөшү керек.

Атайын кызмат экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы менен былтыр иш козгогон. УКМК аны жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына жумушка мыйзамсыз киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтиргенин айтып, 3 миллион сомдук айып пулга жыгууну жана 11 жыл эркинен ажыратууну суранган. Айжигитов айыптоолорду четке кагып келет.

“Ошол берене менен бизде кылмыш окуясы жок. Мен жана жубайым ал берененин субъектиси эмеспиз. Кантип мага иш козгошту? Мага карата 6 том кылып жазып, УКМКнын тогуз тергөөчүсү мага каршы ушактарды жыйнаган. Ишти караган тергөөчү эки жолу отвод берген, үчүнчү жолкусунда күчкө салып, кылмыш ишин козготушкан”, - дейт Айжигитов.

Последние новости