www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров “NazarNews” маалымат сайтынын ютуб каналына берген маегинде Камчыбек Ташиев досу президент Садыр Жапаровдун ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, ал түгүл досун бийликтен алып түшөм дегенге чейин жеткенин, ошого жол бербей кызматтан алып, дос формасындагы кош бийликти кыйратканга эрки жеткенин айтты.

- Президент досуна ишендиби, бийлигинин теңинен көбүн Ташиевге берген. Бул жашыруун нерсе эмес. Бирок Ташиевдин пастыгы досунун ишеним сатып кетти. Досунун ишениминен кыянаттык менен пайдаланды. Керек болсо досун мөөнөтүнөн мурда бийликтен алып түшөм дегенге чейин жетти да. Мен тажырыйбалуу саясатчы катары ошону көрүп турдум. Жанагы 75 аксакалдын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу иштери, генерал тарапка өткүлө деген чакырыктар жер-жерлерде кадимкидей эле жүрүп жатты. Жогорку Кеңеште маселе карала турган болду. Айланасындагы, сойку кошоматчылар аталык деп этегине жалына баштады. Президенттин чыдамы түгөндү. Президент Ташиевди кызматтан алуу менен үй-бүлөлүк башкаруунун эки дос формасындагы кош бийликти кыйратты. Ошого эрки жетти. Болбосо, Ташиев 2020-жылы Соронбай Жээнбековго кирип 20 мүнөттө арыз жаздырып алгандай, президентке арыз жаздырат беле, күч органдарын көтөрөт беле, ким билет? Президент ошого жол берген жок. 

Бул туурасында “NazarNews” маалымат сайтынын ютуб каналынан толук көрө аласыздар.

Последние новости