www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова экс-баш прокурор Курманкул Зулушевге каршы сотко кайрылууга даярданып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал “Кемпир-Абад” иши боюнча айыпталгандардын укуктары бузулганын негиз катары көрсөтүп, күнөөсүздүк презумпциясы одоно түрдө тепселгенин белгиледи.
Сооронкулованын айтымында, Зулушев башкы прокурор кезинде “кемпирабадчылар” делгендерге айып коюла электе Жогорку Кеңеште шектүүлөрдү “кылмышкер” деп атаган. Тергөө бүтө электе эле адамдарды коом алдында күнөөлүү катары көрсөтүүнүн өзү, алдын ала жыйынтык таңуулоо катары бааланат.
Мындан улам ал Конституцияга таянып, моралдык жана материалдык зыян үчүн доо арыз даярдап жатканын кошумчалады. Сооронкулова бул кадамды укуктук принциптерди коргоо жана мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин тактоо үчүн маанилүү деп эсептейт.