www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 19–24-апрель күндөрү Орусияда  Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы токой чарба багытындагы кызматташтык боюнча түзүлгөн биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун экинчи жыйыны болуп өттү. Бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосунда токой чарба жаатындагы кызматташуу тууралуу меморандумдун (2023-жылдын 12-октябры, Бишкек шаары) негизинде түзүлгөн.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар төмөнкү актуалдуу маселелерди талкуулашты:
– токой ресурстары жана токой саясатынын артыкчылыктары (токойлорду башкаруу ыкмаларын жана стратегиялык багыттарды салыштыруу);
– токойлорду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана коргоо (токойду калыбына келтирүү, үрөнчүлүк жана зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашуу);
– илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана алдыңкы технологиялар (геномдук редакциялоо, микроклоналдык көбөйтүү, климаттык саясат).
Тажрыйба алмашуу максатында ар бир тарап жыйындын күн тартибине ылайык тиешелүү баяндамаларды жана презентацияларды сунушташты.
Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын делегациясы Санкт-Петербург токой чарба илимий-изилдөө институтуна барып, лабораториялардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда геномдук редакциялоо, молекулярдык маркерлөө, баалуу дарак түрлөрүн микроклоналдык көбөйтүү (анын ичинде карагай жана чырпыктын перспективдүү формалары), ошондой эле фитопатогендерди изилдөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, институттун илимий китепканасынын фонду менен таанышуу болуп, анда токой чарба боюнча уникалдуу эмгектер, анын ичинде XIX кылымда жарык көргөн басылмалар сакталганы белгиленди.
2026-жылдын 24-апрелинде кыргыз тараптын демилгеси менен С.М. Киров атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик токой-техникалык университетинин ректору И.А. Мельничук менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда токой чарба тармагында кадрларды даярдоо, илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, тажрыйба алмашуу жана КР ӨКМнин Токой кызматынын адистери үчүн стажировкаларды өткөрүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун экинчи жыйынынын протоколуна кол коюлуп, КР ӨКМнин Токой кызматы менен Россия Федерациясынын Токой чарба боюнча федералдык агенттигинин ортосунда кызматташууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
Жыйын КР ӨКМнин Токой кызматынын директорунун орун басары Айбек Байдалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, эки тараптуу кызматташуунун маанилүү этаптарынын бири болуп, токой тармагында теориялык диалогдон практикалык кызматташууга өтүүнү бекемдеди.

 

Последние новости