www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата куттуктоосу.

«Урматтуу мекендештер!

Баардыгыңыздарды Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы.

Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун каарман эмгекчилерине жана согушка катышкан баатырларга сый-урмат көрсөтөбүз. Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Болочок Мекен коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор мүт артабыз.

Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү  болуп келген. Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык.

Уюткулуу элибиздин биримдиги, ынтымагы жана мекенчилдиги, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы ар кандай тышкы коркунучтарга каршы туруп, жарандарыбыздын жаратман эмгегин жана өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактайт деп ишенебиз.

Дагы бир ирет эрдиктин, каармандыктын жана мекенчилдиктин майрамы менен куттуктайм!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бейпил жашоо каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости