www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш сотто карала баштады. Анын алдында укук коргоо органдарынын маалыматын Жогорку Кеңеш депутаттары укту. Маалымат берүүгө келген Башкы Прокурор Өткүрбек Жамшитов менен УКМКнын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым учурда иштин купуялуугуна шылтап жооптон качып да кетип жатышты.

Депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып тергөө тобунун башчысы Сагынбек Самидин уулу “мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев министр болуп дайындалганга чейин ЖЭБ боюнча чечим кабыл алынган. Ал процедуралык тапшырмаларды гана аткарган. Андан тышкары, келишим боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия формалдуу эле болгон. Анткени, келишимдин даяр долбоорун президенттик аппарат түзгөн», — ​деди.

УКМКнын тергөө тобунун башчысынын мындай билдирүүсү ЖМКларда, коомчулукта сенсация жаратып ЖЭБ боюнча айыпталып жаткандардын баарын күрүнөн эле соттоп салалы деген бийликтин ою жок экенин, күнөөсү бары соттолуп, күнөөсү жоктор акталат тура деген ой жаратып, укук коргоо органдарына, тергөө тобуна ишенимди бир кыйла жогорулатып койгонсуду.

Осмонбек Артыкбаев боюнча депутат Карамат Орозованын суроосуна жооп берген Башкы Прокурор Өткүрбек Жамшитов Артыкбаевдин эч жерде колу жок болгон менен анын күнөөсү президент Атамбаевдин виза коюлган катын аткарганы дегендей жооп берди. Демек, мурдатан айтылып келе жаткан Артыкбаев болгону президенттин тапшырмасын аткарган, ал ЖЭБди модернизациялоо, 386 миллион доллар бааны бычууга катышпаганын Башкы Прокурор, тергөө тобунун башчысы да тастыктап отурат.

Тергөө тобунун Осмонбек Артыкбаев процедуралык гана маселе аткаргандыгын аныктап, аны Жогорку Кеңеш трибунасынан билдирүүсү, ЖЭБ иши боюнча калыс сот чечими чыгат деген үмүт отун жандырып койгонсуду.

Эл өкүлү Артыкбаев акталып чыгышын эли-журту тынчсыздануу менен күтүшүүдө.

Г.Мамасалы кызы

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости