www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унаасы менен адам сүзгөн шектүү кармалды, деп маалымдады Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя 26-май күнү саат 08:10 чамаларында Сокулук айылында болгон. Анда белгисиз адам унаасы менен 2017-жылы туулган баланы сүзүп, из жашырып качкан. Бала ооруканага жеткирилген. Сокулук РИИБдин Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери 27-майда шектүү катары 1993-жылы туулган В.Е.Г. аттуу жаранды кармап, тергөө кызматына өткөрүп беришип, анын «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын айып короого киргизишкен.

Последние новости