www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соң-Көл көлүндө өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган балык уулоочу торлор алынгандыгын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдөн жалпы узундугу болжол менен 2 чакырымга жакын синтетикалык торлор чыгарылды. Ал эми бир күн мурда дагы 2,5 чакырымга жакын мыйзамсыз торлор алынган.
Рейддик иш-чаралар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен кызматкерлеринин биргелешкен аракетинде өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда көлдүн акваториясы толугу менен каралып, узак убакыттан бери сууда калган эски жана синтетикалык торлор аныкталып, суу бетине чыгарылган. Адистердин айтымында, мындай ташталган торлор суу экосистемасына олуттуу зыян келтирип, балыктардын жана башка суу организмдеринин азайышына алып келет.
Алынган маалыматта белгиленгендей, эскилиги жеткен торлор биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышына жана экологиялык тең салмактуулуктун бузулушуна себеп болууда.
Бул рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо, балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында балыкты өндүрүштүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлүүдө.