www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков Бишкек–Ош темир жолун куруу маселесин кайрадан кароонун зарылдыгын көтөрдү.

Парламенттин жыйынында депутат учурда авиабилеттердин кымбаттыгынан улам жарандар негизинен автоунаа менен каттоого аргасыз болуп жатканын, бирок Бишкек–Ош унаа жолунда жол кырсыктары көп катталарын белгиледи.

“Ошондуктан темир жол куруу мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгуу керек. Бул жарандар үчүн эң коопсуз транспорт болот”, — деди ал.

Кубанычбеков Министрлер кабинетине бул долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдоону сунуштап, тиешелүү иштерди баштоого чакырды.

Последние новости