www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев төрагалык кылган кезектеги жыйында бир катар маанилүү маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду ортосундагы «Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүңкү суу төкмөсүн куруу» долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык насыя берүү тууралуу макулдашуунун долбоору талкууланды.
Маселе боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев баяндама жасап, долбоор 2026–2029-жылдары ишке ашырыла турганын маалымдады. Долбоор Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Нарын дарыясында жайгашкан Камбар-Ата-2 ГЭСи үчүн маанилүү болуп саналат.
Маалыматка ылайык, гидроэлектр станциясынын жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВтты түзөт.
Долбоор ишке ашса, станциянын коопсуз иштөө режими камсыздалып, электр энергиясын өндүрүү көлөмү жогорулайт.
Талкуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесинин долбоору жактырылды. Макулдашуу мыйзамда белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.
Ошондой эле жыйында электр энергиясы, күйүүчү-майлоочу майлар, коммуналдык төлөмдөр боюнча тарифтер, азык-түлүк баалары жана инфляция маселелери каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.