www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакиянын президенти Петер Пеллегрини өлкөнүн конституциясына эки гана жынысты – эркек менен аялды таанууну күчөткөн өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-сентябрда Facebook баракчасына билдирди.

«Бүгүн мен 90 депутат тарабынан кабыл алынган конституцияга түзөтүүлөргө кол койдум», - деди Пеллегрини.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында Словакия парламенти бул түзөтүүлөрдү үчүнчү жана акыркы окууда кабыл алган. Аны 150 депутаттын 90у колдогон. Ошентип документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында Словакиянын премьер-министри Роберт Фико өлкөнүн конституциясында эки гана жынысты – эркек менен аялды таануу эрежесин күчөтүү планы тууралуу айткан. Анын айтымында, эч ким өзүн “вертолет, мышык же итмин” деп жарыялабашы керек. Бул демилгенин алкагында азыр баш мыйзамда салттуу жубайлар гана бала асырап ала алат деп жазылган. Белгиленгендей, 2014-жылы нике аял менен эркектин биримдиги катары түзүлгөн.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө жана бүткүл дүйнөдө «ден соолугу чың ой жүгүртүү революциясын» жарыялап, АКШда эки гана жыныс – эркек жана аял – тааныла турганын билдирген.

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости