www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, өзүн-өзү тарткан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова болмокчу?
Кыргызстандын саясат майданында түз сүйлөгөн мүнөзү менен айырмаланган инсандардын катарында Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон Надира Нарматова бар.
Ал эл өкүлү катары өзүнө берилген ишенимди терең түшүнүп, ар бир маселеде карапайым элдин үнүн жеткирүүгө аракет кылды. Өзгөчө билим берүү, саламаттык сактоо, адилеттүүлүк жана мамлекеттик башкаруудагы катачылыктар тууралуу ар дайым өз оюн тартынбай айтып турду. Анын бетке айтып, ачык сүйлөгөнү көп учурда жүйөлүү коомдук талкууларга жол ачты. Айрыкча, парламенттин трибунасынан Өкмөт мүчөлөрүнө түз суроо берип, жооп талап кылганы көптөргө үлгү десек болот.
Арийне, түз сүйлөгөн бетке чабарлардын баары элдин сүймөнчүгү болуп кетпейт. Чындыкты, акыйкатты айтуу эң оор. Анын тузун көтөрүү жеңил иш эмес. Ага чыдаган чыдайт. Анткени чындыкка чычалап каралагандар болот. Сын айтымыш болуп жемелегендер чыгат. Ошолорго туруштук берип, өз чындыгын коргоо майтарылбас эрктүүлүктү талап кылат.
Дегенибиз, Надира айымдын дарегине да коомчулукта сындар айтыла калып жүрөт. Бирок саясаттагы андай сын-пикирлер Надира айымды бышырганы болбосо, сындыра алган жок. Муну менен өз үнүн, өз жүзүн сактап, аброй тапты десек аша чапкандык болбос. Андыктан, жакын арада мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда эл таразасына кайрадан талапкерлигин койсо жарашат.
Конституциялык укук жана милдеттер боюнча мыйзам чыгаруу жана көзөмөл жүргүзүү — экинчи конституциялык өкүлчүлүк милдети
Надира Нарматова ушул эки милдетти аткарууда өтө жемиштүү иш алып барды. Мыйзам чыгаруу жаатында ал 32 мыйзамдын авторлорунун бири болуп, анын ичинен 29 мыйзамга Президент кол койгон жана бул мыйзамдар күчүнө кирип, ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын катарында «Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар. Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө орунга ээ болуп, Надира Нарматова анын негизги автору катары белгилүү болду. Бул мыйзам тарыхый мааниге ээ.
Өкүлчүлүк милдетин аткарууда Надира Нарматова шайлоочулардын суроо-талабын ишке ашыруу үчүн аткаруу бийлиги менен тыгыз кызматташып, өз демилгеси менен республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар боюнча каражат бөлдүртүп, Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура министрлиги аркылуу төрт жылдык мөөнөттө 14 мектеп жана 5 бала бакчаны пайдаланууга берүү менен чоң жетишкендикке жетти.
Учурда 3 стратегиялык жол, 1 дамба, 2 агын суунун каналы, 2 оорукана, 4 мектеп жана 3 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат жана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Мындан тышкары, 5000 орундуу 1 стадион, 7 мектеп, 3 бала бакча жана 2 каналдын долбоору даярдалып, экспертизадан өтүп, курулушу 2026-жылы башталаары күтүлүүдө.
Бул — чоң эмгек. Элдин суроо-талабын бийликке жеткирип, анын аткарылышын көзөмөлдөп, иш жүзүнө ашыруу ар бир депутаттын колунан келе бербейт.
Надира Нарматованын бул ийгиликтери — чоң эмгек жана жогорку жоопкерчилик талап кылган иш.