www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктү шаарында көмүр алып берем деген шылтоо менен жасалган алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

2026-жылдын март айында Сүлүктү ШИИБине Сүлүктү шаарынын үч тургуну жана Кадамжай району аймагынан бир жаран арыз менен кайрылышкан.

Арыздарда Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Г.А. жарандардын ишенимине кирип, Сүлүктү шаарында көмүр алып берем деген убада менен алардан жалпы суммасы 5 700 000 сом акча каражатын алып, бирок убадасын аткарбастан из жашырып кеткендиги көрсөтүлгөн.

Жогорудагы факты боюнча 2026-жылдын март айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Г.А. Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости