www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарындагы А.С.Пушкин эс алуу багы реконструкциядан өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С.Пушкин атындагы эс алуу багын жаңылоо иштери уланууда.
Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, реконструкция иштер үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда жумуш кызуу уланууда.
Долбоор боюнча эс алуу багына жаңы 12 аттракцион, лабиринт, оргума, орнотулуп, кичи тамактануу жайлар, шахмат жана баскетбол аянтчасы каралат. Ошондой эле, эс алуучулар үчүн аллея жана жашылдандыруу аймактары болот.
Реконструкция иштерин "РБН Азамат групп” ЖЧКсы аткарып, жеринде 60 жумушчу иштеп жатат.