www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында “Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейинин курулушу уланууда. Бул объекттин жүрүшү жана сапаты Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Маалыматка ылайык, буга чейин объекттин жалпы сметалык наркы 2,1 миллиард сомдон ашык деп аныкталып, 1 чарчы метринин баасы 1 103 АКШ долларын түзгөн. Президенттин тапшырмасына ылайык, долбоор кайра эсептелип, оптималдаштырылган.

Натыйжада курулуштун 1 чарчы метринин наркы 750 АКШ долларына чейин төмөндөп, жалпы сметалык нарк 1,7 миллиард сомду түзгөн. Учурда долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда жана иштер “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев 28-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында объектти жеринен текшерип, курулуштун сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырмаларды берген.

Долбоорго ылайык, мектеп-лицей 2,4 гектар аянтка курулуп, 360 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун, 410 орундуу жатакананы жана мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жайды камтыйт.

Ошондой эле 34 окуу классы, лабораториялар, китепкана, жыйындар залы, 25 метрлик бассейн жана спорт залы каралган. Аймакта эл аралык стандарттагы стадион, чуркоо жолу жана жашылдандыруу иштери да пландалган.

Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин 75 пайызы аткарылды. Министрлик объекттин сапатына жана өз убагында бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости