www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жалпы суммасы 12 млрд 985,7 млн сомду түзгөн 8 жеңилдетилген каржылоо долбоору ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата бул долбоорлордун алкагында фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жалпы 8 млрд 163,6 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар жана лизингдик каржылоо берилди.

Каржылоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүүдө:
1. «Айыл чарбасын каржылоо – 14»
• «АБанк» ААК – 2 млрд 465,8 млн сом
• «Элдик Банк» ААК – 2 млрд 608,2 млн сом
2. «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө»
• «АБанк» ААК – 486,7 млн сом
• «Элдик Банк» ААК – 1 млрд 431,9 млн сом
3. «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо»
• «АБанк» ААК – 46,8 млн сом
• «Элдик Банк» ААК – 202,1 млн сом
4. «Кыргыз Республикасынын асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү»
• «АБанк» ААК – 176,2 млн сом
• «Элдик Банк» ААК – 529,2 млн сом
5. «Үрөнчүлүк чарбаларын жана питомниктерди өнүктүрүү»
• «АБанк» ААК – 1,5 млн сом
• «Элдик Банк» ААК – 10,0 млн сом
6. «Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эт кластерин өнүктүрүү»
Учурда уюштуруу жана ченемдик-укуктук иштер жүргүзүлүүдө.
7. «Суу үнөмдөөчү сугат системаларын каржылоо»
Долбоор Мамлекеттик финансылык холдинг аркылуу ишке ашырылып, каржылоо механизмин ишке киргизүү иштери жүрүүдө.
8. «Айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу берүү»
«Элдик Банк» ААК аркылуу 103 даана айыл чарба техникасы жалпы 205,2 млн сомго лизингге берилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул долбоорлор фермерлердин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүш көлөмүн жогорулатууга жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Ошондой эле бул чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Последние новости