www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай районунда сейрек кездешүүчү чоң үкү табылып, кайрадан жаратылышка коё берилди. Бул тууралуу Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ош облусунун Алай районуна караштуу Күн-Элек айылынын тургуну Коргонбай уулу Хамзанын үйүнүн жанына сейрек кездешүүчү жапайы канаттуу — чоң үкү келип конгон.
Үй ээси канаттууну этияттык менен багып, бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын адистерине дароо кабарлаган.
Маалымат түшкөндөн кийин министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери барып, канаттууну кабыл алышкан. Тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, чоң үкүнүн денесинде жаракаттар жок экени жана жалпы абалы канааттандырарлык экени белгилүү болгон. Адистердин корутундусуна ылайык тиешелүү акт түзүлгөндөн кийин жапайы канаттуу кайрадан өзүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилди.