www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы америкалык базага чабуул жасалды

Сириянын Хасеке провинциясынын батышындагы Касрак районундагы америкалык аскер базасы миномёт менен аткыланды, деп билдирет ирактык "Al-Maalomah" агенттиги.

Ок багытталган жер белгисиз бойдон калууда.

Агенттиктин маалыматы боюнча, бул жергиликтүү калктын чет элдик аскердик катышууга болгон нааразычылыгынын күчөшүнө байланыштуу биринчи кол салуу. Атышуудан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аскердик техниканын кыймылы катталды.

Булактар аймактагы кырдаал күчөп кетиши мүмкүн деп эсептешет. Буга чейин "The New York Times" Ирандын союздаштары Ирактагы жана Сириядагы АКШнын базаларына кол салууга даярданып жатканын билдирген. Буга байланыштуу америкалык аскерлер жогорку даярдыкка келтирилген.

Эскерте кетсек, 22-июнда АКШ Израилдин операциясына кошулуп, Ирандагы ядердик объекттерге абадан сокку урган.

Тегеран агрессияга жооп кайтарарын убада кылган.

Последние новости