www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 25-сентябрда, Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйналышка барды. Алгач иш-чаранын жүрушү Кытай Эл Республикасынын гимни менен башталды. Иш-чара Урумчи шаарында – СУАРдын административдик борборунда өттү. Бул тууралуу NazarNewsка CCTV+ билдирди.

Си Цзиньпин катышкан иш-чарага Синьцзяндагы ар улуттун жана коомдун ар кандай катмарларынын өкүлдөрү катышты.

Саат 10:30 чамасында СУАР партиялык комитетинин орун басар катчысы, СУАР Эл өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз салтанаттуу жыйынды башталганын жарыялады.
«Жолдоштор жана достор, СУАР түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйналышты ачык деп жарыялайм», – деди Эркин Тунияз.
Иш-чарага ошондой эле жогорку кызматтагы жетекчилер – Ван Хунин жана Цай Ци да катышышты.

Белгилей кетсек, СУАР түзүлгөндөн берки 70 жыл ичинде бул аймакта зор өзгөрүүлөр болуп, Синьцзян бүт өлкө менен бирге заманбап социалисттик мамлекетти ар тараптан куруу жолуна түштү.
Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан тарта Синьцзяндын ички региондук өнүмү жылына орточо 7,04%га өсүп келген. 2024-жылы өсүш 6,1%ды түзүп, биринчи жолу 2 триллион юань (болжол менен 281,4 миллиард АКШ доллары) көрсөткүчүн ашып өттү.