www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө кызматташкан министрлеринин жана орун басарларынын үчүнчү Кеңешмеси болуп өттү.
Жыйынды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев ачып, катышуучуларды куттуктады. Ал мындай жогорку деңгээлдеги жолугушууну өткөрүү өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, фитосанитардык коопсуздук мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүү фактору экенине токтолду.
Өз сөзүндө ал ички рынокту коргоо менен катар сооданы өнүктүрүүгө тоскоол болбогон натыйжалуу механизмдерди түзүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан бул багытта санариптик чечимдерди киргизип, көзөмөл системасын өркүндөтүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу, эрте эскертүү механизмдерин өнүктүрүү жана профилдик кызматтардын түз өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маанилүү экенин баса белгиледи.
Иш-чара «Фитосанитардык чөйрөдөгү өнөктөштүк – ШКУ өлкөлөрүнүн соода байланыштарын чыңдоочу фактор» темасында уюштурулду. Бул тема боюнча негизги баяндама Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров тарабынан сунушталды.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, карантиндик объекттердин жайылышын алдын алуу, айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүү жана фитосанитардык көзөмөлгө заманбап санарип технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташууну тереңдетүүгө багытталган протоколго кол коюшту. Бул документ ШКУ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган ниеттерин бекемдейт.