www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте ШКУ саммитинин делегациялары өтө турган маршруттардын боюнда жайгашкан ишкердик объектилеринин ээлеринен 2026-жылдын 31-августу жана 1-сентябрында ишин убактылуу токтотуп туруу суралды.
Тиешелүү эскертмелер унаа жуучу жайлардын, банкеттик залдардын, коомдук тамактануучу жайлардын жана башка коммерциялык объектилердин ээлерине берилген.
Эскертмеде мындай чара атайын делегациялардын белгиленген маршруттар боюнча коопсуз жана тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында кабыл алынып жатканы айтылат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев айрым маршруттарда коммерциялык объектилердин жана базарлардын ишине чектөө киргизилерин ырастады. Анын айтымында, бул чара борбор калаанын транспорттук системасына түшкөн жүктү азайтуу үчүн да көрүлүүдө.
Чектөөлөр делегациялар өтө турган маршруттардын айрым тилкелеринде гана колдонулары күтүлүүдө.