www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция социалдык тармактарда мурда видеосу тараган мушташтын катышуучуларын аныктады. Окуя Кызыл-Аскер районунда болгон.

Мушташ тартылган видео кечээ жарыяланган. Аталган факт борбор калаанын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери үч жарандын өздүгүн аныкташкан: 1995-жылы туулган Б. Р., 2006-жылы туулган Ж. А. жана 1990-жылы туулган Ж. Н.

Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси «Майда бейбаштык»боюнча протоколдор түзүлдү. Үчөө тең кармалды.

Биринчи май РИИБи борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого, бири-бирин сыйлоого жана жаңжалдарды болтурбоого чакырды.

Последние новости