www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2027-жылдын 1-январынан тарта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги төрагалык Өзбекстанга өтөт. Бул тууралуу чечим Түркмөнстанда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынары пландалууда. Бул тууралуу Россия Президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Анын айтымында, 8-9-октябрда Ашхабадда өтө турган саммитте КМШ мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу Өзбекстанда өтөрү дагы жарыяланат. Келечектеги жолугушуунун күнүн Өзбекстан кийинчерээк атайт.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев жолугушууда республиканын Шериктештикте төрагалык кылуу мезгилиндеги артыкчылыктуу багыттарын сунуштайт.

Последние новости