www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жалгыз кызы Ширин Айтматова депутаттык мандатын тапшырган соң (“Ата Мекен” партиясынын депутаты болчу) көпкө көрүнбөй жүргөн.

Анын саясаттан кетишин айрымдар жеке турмушуна байланыштырса, башкалар жеке ишкерлик менен алектенүүдө деп да божомолдошкон. Көрсө, Ширин кыз саясаттан тажабай, көңүлү калбай эле, кайра күч топтоп жүргөн турбайбы.

Анткени жакынкы күндөрү ал келерки жылда болуучу парламенттик шайлоодо жаштарды өз катарына биригүүгө чакырган билдирүү жасады. Ал эми Эгемендүүлүк күнүнүн алдында кыргызстандыктарга YouTube-каналы аркылуу кайрылды.

Кайрылууда Айтматова Кыргызстан эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилөө алдында турганын, бирок 28 жылдан бери өлкө дүйнөнүн эң жакыр мамлекеттеринин катарына кошулуп калганын билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн бардык жагында, системалуу коррупция орноду: айлыгы өтө көп эмес аз гана аткаминерлер заңгыраган хансарайларды биринин артынан бирин куруп жатат, чет мамлекеттерден кыймылсыз мүлк сатып алып жатышат, алардын балдары чет жактарда кымбат баалуу жогорку окуу жайларда окушат, өздөрү болсо, мыкты курорттордо эс алышат. Ширин Айтматова өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбүнүн тамыры парламент экенин кошумчалап, мындан улам ууру жана коррупционерлердин бетин ачып, мандатын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп жаткан депутаттарды көрсөтүү жана өлкөнү өнүктүрүүнүн башка жолдорун сунуштоо үчүн “Үмүт-2020” элдик кыймылын түзгөнүн билдирди. Ошондой эле, кыргызстандыктарды кыймылга кошулууга чакырды.

Бирок Айтматованын бул саясый дымагы чындап өз өлкөсү үчүн күйүп-жангандыгынын белгисиби же артында кандайдыр бир күч барбы?, - дейт “Майдан. кg” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости