www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 1 - 2 - октябрда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда жамгыр карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу болуп, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал.
1-октябрь: Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы +10—+15°C, кечинде +2—+7°C чейин төмөндөйт.
2-октябрь: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1–6° жылуу, күндүз 10–15° жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө: Абанын температурасы түнкүсүн 9...14°, күндүз 16...21° жылуу болот.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1 градустан 6 градуска чейин жылуу, күндүз 10 градустан 15 градуска чейин жылуу болот.
Тоолуу райондордо түнкүсүн −4...1° суук, күндүз 3°...8° жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн —5...10°, күндүз —2°...3° жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай аба ырайы автотранспорттордун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштөөсүнө, жайыттарда мал жаюуга жана мал кармоого тоскоолдук жаратат.
2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо үшүк жүрүшү мүмкүн.
Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...2°Сге чейин төмөндөйтү
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы −1 градустан —3 градуска чейин төмөндөйт.
Жарандарга жана кызматтарга жумуш жана саякатка чыгууну пландаштырууда катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү эске алуу сунушталат.