www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына жана кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 2026-жылдын 15-мартынан 18-мартына чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.