www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Капаловдун өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду. Анын сөөгү Чоң-Арык айылында унаадан табылган.
Маалыматка ылайык, 13-мартта 102ге ресторандардын биринин жанында унаанын ичинен ок атылганы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБдин Тергөө-ыкчам тобу келип, унаанын ичинен 1981-жылы туулган К.К.нын жансыз денеси табылган.
Анын жанынан «Иж-18» маркасындагы 12 мм калибрдеги мылтык, 13 ок, эки уюлдук телефон, өлүм алдындагы кат жана башка буюмдар табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал көкүрөгүнө ок аткан жана карыздан улам мындай кадамга барышы мүмкүндүгү айтылды.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгүнүн («адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук колдонуу коркунучу, адамдын жеке кадыр-баркын кыянаттык менен пайдалануу же басынтуу, бул байкабастыктан жабырлануучунун өз жанын кыюуга же өз жанын кыюуга аракет кылуусуна алып келген») негизинде катталган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.