www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 6-марттан 10-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүү коркунучу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу);
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-75чи жана 88-101чи чакырымдар аралыгында (Чапчыма ашуусу);
Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205чи, 260-290чу жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
Каракол — Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн экенин эскертип, айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоону сунуштады.