www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-февралда, Бишкек шаарында таңкы саат алтылар чамасында катуу шамалдын кесепетинен Жал кичи району, Тыналиев көчөсү 5/1 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйдүн убактылуу тосмосу кулап, тротуарды тосуп калган.
Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү чаралар көрүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш объектисинде коопсуздук талаптарынын толук сакталбагандыгы аныкталды. Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Жаз Строй" ЖЧКсына карата 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле убактылуу тосмо кайрадан орнотулуп, тосмону толук калыбына келтирүү боюнча 1 күндүк мөөнөт менен милдеттүү көрсөтмө (предписание) берилди.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги тарабынан курулуш объектилериндеги шамалдын кесепетинен кулаган тосмолор жана коопсуздук талаптарынын бузулушу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында курулуш объектилери мыйзам чегинде көзөмөлгө алынууда.