www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Шайырбек Ташиев элдин тынчтыгы үчүн мандатын тапшырганын билдирди. Анын кайрылуусун Оразбек Осмонов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди:

"Урматтуу шайлоочуларым! Кадырлуу жердештерим!

Сиздердин ишеним менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, элибизге кызмат кылуу мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик болду. 

Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында Сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду. 

Мен үчүн эң башкысы — сиздердин ишеним. Сиздер мага көрсөткөн колдоону жана ишенимди ар дайым жогору баалайм. Саясий кызматта болобу же башка тармакта болобу, мен ар дайым өз өлкөмө жана элиме кызмат кылууну улантам.

Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздердин колдооңуздар мага чоң күч жана дем берип келди. Алдыда да мамлекетибиздин өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы үчүн аракет кылууну улантам.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм", - деди Ташиев.

Последние новости