www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл областына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барды.

Министр нөөмөт кызматын уюштуруу, медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары жана медицина кызматкерлеринин иши менен таанышты.

Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү медициналык жардам көрсөтүүнүн экинчи деңгээлиндеги мекеме болуп саналат жана область боюнча татаал жүрүштөгү кош бойлуулук жана төрөт учурлары менен келген бейтаптарды кабыл алып, областтык санавиация кызматын да аткарат. Төрөт үйүнүн түзүмүндө кабыл алуу бөлүмү, төрөт залдары, төрөттөн кийинки бөлүм, чоңдор жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн реанимация бөлүмдөрү, кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмү жана гинекология бөлүмү иштейт. Жалпысынан 104 орунга ылайыкташтырылган.

2025-жылы төрөт үйүндө 3130 төрөт кабыл алынган, анын ичинен 677си татаал болгон, 741 операциялык төрөт жүргүзүлгөн. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын оорулары боюнча 1007 учур катталган. 2026-жылдын алгачкы эки айында 551 төрөт кабыл алынып, алардын 110у татаал болгон, 137 операциялык төрөт жүргүзүлгөн.

Министр эне жана баланы коргоо маселелери саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгилеп, мындан аркы иштер медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана энелер менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саламаттыгы үчүн тобокелдиктерди азайтууга багытталышы керек экенин айтты.

Иш сапардын жыйынтыгында министр төрөт бөлүмүнүн ишин уюштурууну оң баалап, медициналык кызматкерлердин, анын ичинде түнкү нөөмөттө иштеген кызматкерлердин кесипкөйлүгүн белгиледи.

Последние новости