www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу
1. Мыйзамга ылайык, автоматташтырылган эсептөө урналарынын маалыматтары алдын ала маалымат болуп саналат, участкалык шайлоо комиссиялары бюллетендерди кол менен эсептеп чыгышы зарыл.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде округдук комиссияларга даттанууга болот.
2. Округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Округдук шайлоо комиссияларынын чечимдери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо
3. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиялардын протоколдорунун негизинде добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (14-декабрга чейин) шайлоонун жыйынтыгын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине үч күндүк мөөнөттө сотко даттанууга болот.